Бештин айынын бири - Казакстан Республикасынын Туңгуч Президентинин күнү

Бештин айынын бири - Казакстан Республикасынын Туңгуч Президентинин күнү

Бүгүн казакстандыктар мамлекеттик майрам - Туңгуч Президент күнүн белгилешүүдө. Мындан 29 жыл мурун дал ушул бештин айынын 1-күнү өлкө тарыхында биринчи жалпы элдик шайлоо болуп, анда Нурсултан Назарбаев эки жумадан кийин эгемендүү мамлекет болгон Казак ССРнин башчылыгына шайланган. Белгилей кетсек, Туңгуч Президент күнү республикада 2012-жылдан бери белгиленип келет. Майрам Эл Башынын республика алдындагы көрүнүктүү кызматтарын белгилөө максатында демилгеленген. Бул датага карата салтанаттуу иш-чаралар жалпы республика боюнча өткөрүлүп келген, бирок быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алардын көпчүлүгү онлайн режимде өтөт.

 

 

 

​Фото: yandex.kz


×