Туңгуч Президент жана Эгемендүүлүк күндөрүнө арналган көргөзмөлөр

Туңгуч Президент жана Эгемендүүлүк күндөрүнө арналган көргөзмөлөр

«Эгемендүү өлкө жана Эл Башы»! Борбор калаада Туңгуч Президент жана Эгемендүүлүк күндөрүнө арналган эки көргөзмө өтүүдө. «Эгемендүү өлкөнүн тарыхый негиздери» көргөзмөсүндө Нурсултан Назарбаевдин өткөндү изилдеп, пропагандалоо тууралуу программалык документтерди ишке ашыруу жаатында Улуу талаанын санжырасы менен маданий мурасын жаңыртууга кошкон салымын чагылдырган фото, видео жана салттуу материалдар сунушталды. Ал эми «Дипломатиялык сыйлыктар - адамзаттын маданий мурастарынын ажырагыс бөлүгү» аттуу көргөзмөдө 70 ашык саат өндүрүшүнүн уникалдуу үлгүсү коюлган. Анын негизин Эл Башына чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен фонддордун, чет элдик делегациялардын, Казакстан жана анын лидерлеринин дүйнөлүк беделин урматтоонун белгиси катары берилген белектер түзөт. Экспонаттардын арасында XVIII кылымдын экинчи жарымындагы өнөр жай революциясынын алгачкы колдонулган кыймылдаткычтарына тиешелүү «Паровоз» сааты бар. Ошондой эле, 3000 жылга чейинки жылнаамасы бар дүйнөдөгү жалгыз саат жана башка да көптөгөн сейрек кездешүүчү экспонаттарды көрүүгө болот. Көргөзмөлөр жыл соңуна чейин ачык болот.

Күлайша Актаева, Казакстандын туңгуч президенти – эл башы китепканасы мүдүрүнүн орун басары:

- Эки көргөзмөнүн өзгөчөлүгү Эл Башынын жеке фондунан уюштурулгандыгында. Биз барактап, архивдерди ача турган болсок, ал жерде маданий мурастарыбыз менен тарыхый негиздерибизди калыптандыруу жана жаңыртуу боюнча биздин мамлекеттик саясатыбыз тууралуу баяндаган бир аз маалыматтарды табууга болот. Көргөзмөгө 30 жылдан бери жасалган эмгек тууралуу  экспозицияларды коюуга аракет кылдык. Ал эми экинчи бөлүгү - көп векторлуу тышкы саясаттын негизинде Эл Башынын жеке феномени деп атоого болот. Анткени, эки тараптуу мамилелерди калыптандыруу жана жаңыртууда -  Эл Башынын өзгөчө адамгерчилиги жана саясатчы катары чоң урмат-сыйга ээ экендигин көрсөтүп турат. Ошондуктан белекке берилген буюмдар бир өлкөнүн байлыгы гана эмес, бүткүл дүйнөнүн тарыхый-маданий мурастарынын биримдигин чагылдырат.

 

Фото: inform.kz


×