Журналисттер жалган маалымат менен күрөшүүдө биригишет

Журналисттер жалган маалымат менен күрөшүүдө биригишет

Журналисттер жалган маалымат эпидемиясы менен күрөшүүдө биригиши керек. Анткени акыркы учурларда массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн көпчүлүккө тарап кеткен жалган маалыматтарынын чын-төгүнүн аныктоо эки эсе көбөйгөн. Бул тууралуу видеоконференция режиминде өткөн «Бир алкак, бир жол»  журналисттик уюмдар форумунда белгилүү болду.

Тимур Шафир, орусия журналисттер биримдиги эл аралык бөлүмүнүн катчысы:

- Пандемия түрткү болгон экономикалык каатчылык дагы бир көйгөйдү пайда кылды - бул ишеним каатчылыгы. Фейк жаңылыктар толкуну күчөгөн сайын эл менен жакындык алыстап, адамдар арасында ишеним жоголуп, шектенүү күчөөдө. Биз буга жол бере албайбыз. Журналистиканын мыйзамдары менен принциптерин кармануу аркылуу журналисттер менен элдин ортосундагы ишенимди жана диалогду калыбына келтире алабыз.

Сюй Линь, кэрдин маалыматтык бюро мамлекеттик кеңешинин мүдүрү:

- Журналисттер дүйнө жүзүндөгү адамдардын пандемияга каршы күрөшүүдө чечкиндүүлүгүнө жана аракетине күбө болушууда. Алар мамлекеттердин ортосундагы ишенимди жана достукту чыңдоого олуттуу салым кошо алышат. Биздин форумубуз биргеликте  аракет кылууга жана данакер болууга даяр. Бул багытта ар бир мамлекеттеги журналисттик уюмдар биргеликте иш алып барса, өнөктөштүк бекемделип, элдин ишеними өсөт деп ойлойм.

 

Фото: ru.depositphotos.com


×