Казакстан үчүнчү жыл катары менен «Junior Eurovision» сынагына катышууда

Алдыдагы жекшемби күнү «Junior Eurovision» эл аралык балдар ыр сынагынын жеңүүчүсү белгилүү болот. Ал эми катышуучуларга добуш берүү жетинин айынын 28-күнү түнкү саат бирде башталат. Ар бир адам 3 мамлекеттин ырчысын тандай алат. Бул үчүн junioreurovision.tv же jesc.tv сайтына кирүү керек. Казакстан бул сынакка үчүнчү жыл катары менен катышып жатат. Буга «Хабар» агенттигинин Европа Телерадиоберүү Биримдигинин мүчөсү болушу мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул жолу өлкө намысын Каракат Башанова коргойт. Жаш ырчы улуттук тандоодо жеңишке жетип, атасына арналган «Forever»  ырын аткарат. Чыгарманын автору – өткөн жылы Junior Eurovision сынагында өнөр көрсөткөн Ержан Максимдин «Армандан калма» ырын жазган Хамит Шангалиев. Онлайн форматта өтө турган ыр сынагынын финалы «Хабар» телеканалынан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

Ринат Кертаев, «Хабар» Агенттиги» ак башкарма төрагасынын биринчи орун басары:

- Бул маанилүү сынакта ар биринин добушу керек. Анткени биз үчүн көбүнесе башкалар добуш беришет. Биз болсо 1-2 мүнөт да убакыт таба албай, добуш бербей жатабыз. Акырында ал добуш чечүүчү ролду ойношу мүмкүн. Хабар агенттиги Европа Телерадиоберүү Биримдигинин мүчөсү. Буга чейин сынакка Данэлия Тулешова жана Ержан Максим катышкан. Алар татыктуу түрдө өлкө намысын коргошту. Эми кезек  Каракатка келди, келгиле баарыбыз бир добуштан колдоп, добуш берели.

Каракат Башанова, «Junior Eurovision 2020» сынагынын катышуучусу:

- Албетте, тынчсыздануу бар. Улуттук тандоо учурунда да аябай тынчсызданган элем. Гранд финал жакындаган сайын кабатырлануум күчөп баратат. Бирок мен Казакстанды жогорку деңгээлде көрсөтүү үчүн колумдан келгенин кылам.

 

Фото: inform.kz


×