Быйылкы IX Жарандык форумга катышуучулардын саны 10 миңден ашты

Борбордо IX Жарандык форум онлайн режиминде өтүп жатат. Буга чейин республикалык форумга аймактардан катышуучулар атайын тандалып келсе, быйылкы онлайн иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан ушуга чейин 10 миңге жакын адам катышты. Уюштуруучулардын айтымында, видеоконференция аркылуу жигердүү катышуучуларынын саны 10 миңден ашты.

Болат Тлепов, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү вице-министри:

- 9-жарандык форум өлкөнүн 30 жылдык мааракесинин алдында уюштурулуп жатат. Ошондуктан бул жерде көтөрүлгөн ар бир маселенин өзүнүн орду жана актуалдуулугу бар. Быйыл онлайн форматтагы форумга катышуучулардын санында чектөө жок. Жарандар республиканын булуң-бурчунан онлайн кошулуп, коомчулукту кызыктырган өзөктүү маселелер боюнча дискуссиялык аянтчаларда катышууга мүмкүнчүлүк алды. Азыркы учурда 10 миңге жакын адам онлайн көрүп, ютуб аркылуу 2000, фейбук баракчасынан 4000 адам кирип, форумдун иши менен таанышып жатат.

Быйылкы форумдун идеологиялык мазмуну Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясына негизделген.

Болат Тлепов, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү вице-министри:

- 4 күндөн бери уланып келе жаткан быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде? Биринчиден, форумга катышуунун бардыгына жеткиликтүүлүгүндө. форумдун программасы эртең мененки саат жетиден түнкү он экиге чейин уланат. Экинчиден, диалог аянтчаларына аймактык бейөкмөт уюмдар кеңири катышууда. Кесиптик БӨУ ири шаарларда гана бар деген пикирлер бар. Аны быйылкы форумдун иши толугу менен жокко чыгарды. Анткени  биздин иш-чараларга Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарлары менен облус борборлорунан эле эмес, алыскы аймактарда иштеген коомдук бирикмелердин жетекчилери да катышууда.

Алгач жарандык форумга бюджеттен 16 миллион теңге бөлүнгөн, бирок иш-чара онлайн режиминде өткөндүктөн каражат 3 эсеге кыскаргандыгын белгилей кетүү керек.

 

Фото: gurk.kz


×