«Junior Eurovision 2020» ыр сынагына даярдык

Junior Eurovision эл аралык балдар ыр сынагына саналуу күндөр калды. Дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн таланттуу балдары виртуалдык сахнада багын сынашат. Башкача айтканда, сынакка катышкан ар бир бала өз өлкөсүндө өнөр көрсөтөт. Буга байланыштуу аткаруучулардын вокалдык чеберчилиги ырларына тартылган клип аркылуу бааланат. Учурда күйөрмандар алдын ала божомолдорун айтып жатышат. Сынакта өлкөнүн атынан чыга турган Каракат Башанованын өнөрүнө социалдык тармактарда оң баасын берип жаткандардын саны аз эмес. Көпчүлүктүн пикиринде, жаш ырчыга атайын жазылган «Форевер» ыры ар бир адамдын жүрөгүнө жетет.

Айзада Пернекул, студент:

- Мен биринчи жолу Каракаттын ырын угуп, клибин көргөнүмдө көзүмө жаш алдым. Өзүмдүн кантип ыйлап жибергенимди байкабай калгам. Анткени ал менин жүрөгүмө жетти.

Катышуучулардын кимисине ийгилик жылмаят азырынча белгисиз. Бирок казакстандыктар Каракатка чоң үмүт артышууда.

Ердана Ержанулы, студент:

- Биз казакстандык катары Каракаттан үмүтүбүз чоң, чет элдиктер арасында да күйөрмандары жана угармандары бар. Каракаттын өзүнүн ырын аткарууда кандайдыр бир жеке өзгөчөлүгү бар.

 Мурат Кусайынов, ырчы, Казакстандын эмгек сиңирген кызматкери:

- Менин байкашымча, мындай мелдештерге катышкандар абдан ойлонуп, толкунданышат. Таланттуу, мыкты ырчылар сынакта ат салышуудан чыгып калышат. Мунун себеби эмнеде? Бардык нерсе толкундануудан болот. Каракат, ырдап жаткан кезде жеңишке жетишим керек деген ойду алып ташта. Сен өзүңдү өзүң көрсөтүшүң керек. Ырчы, актриса катары. Сенин артыңда миллиондогон казакстандык ​​турат. Алардын арасында мен да бармын.

 Интернет добуш берүү боюнча азырынча Испания алдыда келе жатат. Польша – экинчи орунда. Үчүнчү орунда - Беларусь турат. Казакстан азырынча жетинчи орунда. Ал эми чыныгы жеңүүчү жетинин айынын 29да белгилүү болот. Junior Eurovision эл аралык балдар ыр сынагы «Хабар» телеканалында түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

 

Фото: youtube.com


×