Шаңырак «5-10-20» программасы катышуучуларынын насыялык түйшүгү азаят

Көп жылдан бери турак жай алуу үчүн кезекте турган адамдар Турак жай курулуш банкынан насыя алып, BI Group компаниясы куруп жаткан турак жай комплекстеринин биринен жеңилдетилген шарттары менен жаңы батирдин ээси боло алышат. Мындай мүмкүнчүлүк каржы уюму менен курулуш компаниясы ортосунда Шаңырак «5-10-20» программасы алкагында жетишилген өнөктөштүк келишиминин аркасында пайда болуп жатат. Насыя түйшүгүн азайтуунун эки жолу бар. Биринчиси, батирдин баасына 7% арзандатуу, экинчиси, насыя алган күндөн тартып 12 ай бою насыя пайыздарын төлөөдөн бошотуу. Эки артыкчылыктын бирин батир алгысы келген адам өзү тандайт.

Жансултан Матаев, «Казакстандын турак жай курулуш банкы» АК борбордук бөлүмүнүн мүдүрү:

- Негизги шарт - кезекке туруу. Башкача айтканда, кезекте турган жарандын өзүнүн наамында, үй-бүлө мүчөлөрүнүн атында кыймылсыз мүлкү болбошу керек. Ошондой эле, экинчи талап - «Нурлы жер» программасына ылайык, үй-бүлөнүн жан башына туура келген, жалпы кирешеси жашоо минимумунан 3,1 эседен ашпашы керек. Тагыраак айтканда, бүгүнкү күндө ал 101 271 теңгени түзөт.

Быйыл Шаңырак «5-10-20» программасы алкагында 7-8 миң казакстандык үй-бүлө жеткиликтүү арзан турак жай менен камсыз болот. Акимчиликте кезекте турган жарандар программага катышуу үчүн www.hcsbk.kz сайты аркылуу электрондук түрдө гана арыз бере алышат. Бул Турак жай курулуш банкынын кардарларына дагы, алардын катарына кошула элек тургундарга дагы тиешелүү. Ал эми турак-жай түрлөрүн Bi Group компаниясынын расмий сайтынан табууга болот.

 

Фото: zhaikpress.kz


×