К.Токаев: «2023-жылга карата Казакстанда дарыгерлердин эмгек акысы 2,5 эсеге өсөт»

К.Токаев: «2023-жылга карата Казакстанда дарыгерлердин эмгек акысы 2,5 эсеге өсөт»

Казакстанда дарыгерлердин эмгек акысы 2023-жылга карата 2,5 эсеге жогорулайт. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Мамлекет башчысы алдыда мүмкүн боло турган жаңы эпидемияларга даяр болуу керек деген пикирин белгиледи. Буга байланыштуу мамлекет медицинаны өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, жакында санариптештирүү, телемедицина жана биологиялык коопсуздук инфраструктурасын бириктирген Бирдиктүү Улуттук система түзүлөт. Нур-Султан жана Алматы шаарларында эки илимий-инновациялык көп тармактуу клиника курулат. Мындан тышкары, Токаев аймактык медицинаны өнүктүрүү үчүн бардык облустарда 20 заманбап медициналык борбор салынарын айтты. Бул саламаттык сактоо тармагын каржылоо көлөмү ИДӨнүн кеминде 5 пайызын түзөт. Касым-Жомарт Токаев башкы максат -  казакстандыктардын орточо жашоо узактыгын 75 жылга чейин узартуу экенин баса белгиледи.

 

Фото: 365info.kz


×