Казакстанда жарандык форум башталды

Казакстанда «Коом жана мамлекет: өнөктөштүк менен өнүгүүнүн 30 жылы «Birgemiz» аталышындагы 9-жарандык форум башталды. Анда коомдогу өзөктүү маселелерди министрлер өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү менен талкуулоодо. Мындай 12 жолугушуу мерчемделген. Форум беш күнгө созулат. Онлайн режиминде өтүп жаткан быйылкы иш-чарада мамлекеттик борбордук органдардын жетекчилери өлкөнүн жигердүү жарандары менен ачык диалог түзүшөт. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен болгон мындай жолугушуу мамлекет тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан программалар менен демилгелер жөнүндө коомчулукту кабардар кылып, бийлик башындагылардын ишмердүүлүгүн элге ачык жеткирип турат.

Аида Балаева, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри:

- Биздин министрликтин колдоосу менен Казакстандын Жарандык Альянсы тарабынан уюштурулган форум мамлекеттик органдар менен өкмөттүк эмес уюмдардын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга мүмкүндүк берген беделдүү жана пайдалуу аянтчага айланды. Эң башкысы эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн баштап жарандык демилгелерге кеңири жол ачкан Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти, Эл Башынын демилгесин Президент Касым-Жомарт Токаев талаптагыдай улантып, бул багытта жакшы иштер жүргүзүлүп жатат. Өкмөттүк эмес уюмдарга учурдагы глобалдык пандемия шартына карабастан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат.

Алгачкы күн тартибинде коррупцияга каршы күрөш, жарандык коомдун актуалдуу маселелери менен дарамети, коомдук кеңештердин натыйжалуулугу сыяктуу маселелер каралды. Дебатка өлкөнүн бардык аймактарынан коомдук ишмерлер катышты. Сессиялардагы талкууларды ар бир казакстандык уга алды. Форум Казакстандын Жарандык Альянсынын расмий сайтында онлайн режиминде өтүүдө. Уюштуруучулар өлкө активисттерин иш-чарага катышууга чакырат. Жолугушуунун жыйынтыгында айтылган сунуштардын тизмеси түзүлөт. Жалпысынан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында, көптөгөн коомдук маселелердин түйүнү чечилет.

 

Фото: ainews.kz


×