Комплекстүү археологиялык казуу иштери: Асанас шаарчасы менен Ыргыз жээгиндеги табылгалар

Комплекстүү археологиялык казуу иштери: Асанас шаарчасы менен Ыргыз жээгиндеги  табылгалар

Биздин заманга чейин эки миң жыл мурун колдонулган кыш кумуралар, билериктер, кол ороктор жана башка да эмгек кылууга керектүү шаймандар. Мунун баары Актөбе районунда жүргүзүлгөн изилдөөдө аныкталды. Изилдөөчүлөр Ыргыз районунан табылган тарыхый жай, эки көрүстөн байыркы Андронов маданияты мезгилине таандык экендигин тастыкташты. Көрүстөндөрдүн бири таштар менен курчалган, экинчиси кум менен капталган. Бирок шамал согуп, топурагы ачыла баштады. Бүгүнкү күндө көрүстөндүн так аянты аныкталууда. Окумуштуулар көмүлгөн адамдардын сөөктөрүнө антропологиялык изилдөө жүргүзүшөт.

«Биз аларды Алакөл маданиятынын тайпалары деп атайбыз. Себеби, эң биринчи эстелик Алакөлдүн жанынан табылган. Бул орто коло доору. Башкача айтканда, эстеликтер эки миң, бир жарым миң жыл мурунку эстеликтер. Кумуралардын сынганы бар, аларды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Андан кийин илимий макалаларга негизделген изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул этаптарды аныктоо, кандай шаймандар экени аныкталгандан кийин музей фондуна өткөрүлүп берилет», - дейт облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү Мейрам Дүйсенгали.

Аны менен катар, Алтын Ордонун 750 жылдык мааракесинин алкагында Кызылорда облусундагы Асанас шаарында комплекстүү археологиялык казуу иштери башталды. Казуу иштери Коркыт Ата атындагы Кызылорда мамлекеттик университетинин «Археология жана  этнография» изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү археологдордун күчү менен казылган маанилүү буюмдар узак убакытка сактоого алынат. Андан табылган экспонаттар облустук музейлердин фонддоруна өткөрүлүп берилет.

«Асанас - Алтын Ордо доорунун эталондуу эстеликтеринин бири. Ошондуктан жакынкы жылдары археологиялык изилдөөлөр улантылат. Мындан тышкары, коргоо аймагына ылайык шаарчаны курчоо мерчемделүүдө. Байыркы шаар Казакстандын Ыйык жерлеринин географиясы долбооруна киргизилген. Долбоор боюнча облустук ыйык обьекттер тизмесине жыйналган. Асанас - жергиликтүү мааниси бар тарыхый жана маданий эстелик. Ал Кызылордадан түштүк-чыгышта 48 км жерде жайгашкан. Байыркы шаар Сырдария облусунун Айдарлы айылынан 8 км аралыкта орун алган», - деп маалымдады илимий-изилдөө адистери.

Асанас шаары бир кездерде экономикалык, соода жана аймактык маанидеги ири шаарлардын бири болгон, Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан. Жазуу булактарына ылайык, Асанас монголдор басып киргенден бери белгилүү болгон. Ал кезде катуу каршылык көрсөткөн. Ошондуктан байыркы шаар толугу менен талкаланып, көпчүлүк элдер кыргынга учураган.

«Асанас дарыя жээгиндеги башка шаарлардай эле көп өтпөй кайра калыбына келтирилип, XIV-XV кылымдарга чейин жашаган. Аны биринчи жолу 1899-жылы В.А. Каллаур изилдеген. Кийинчерээк Хорезм археологиялык жана этнографиялык экспедициясы 1960-1961 жана 1968-жылдары көптөгөн баалуу маалыматтарды чогулткан», - деди жергиликтүү илимпоздор.

 

Фото: 24.kz


×