Пандемия учурунда ыктыярчылар жигердүүлүк көрсөтүүдө

Пандемия учурунда ыктыярчылар жигердүүлүк көрсөтүүдө

«Жабыла көтөргөн жүк жеңил». Пандемия учурунда өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жана улуттун саламаттыгы үчүн күрөшүүгө жөндөмдүү ыктыярчылардын саны өсүүдө. Ошол эле учурда, өлкөнүн жаштары жигердүү. Кыйын мезгилде борбор калаанын өзүндө эле 700гө жакын адам ыктыярдуу кыймылга тартылган. Алардын колго алган изги иштери жөнүндө  каналга маек берген «Nur Otan» партиясынын «Jas Otan» жаштар канатынын Нур-Султан шаардык бөлүмүнүн төрагасы Бакдаулет Жандилдаев  айтып берди.

«Күн сайын бекер транспорт менен камсыз кылууну каалаган автоыктыярчылар көбөйүүдө. Моралдык колдоо көрсөтүү үчүн онлайн психологиялык курстарды ачып жаткан ыктыярчылар да бар. Алардын бардыгы бекер. Волонтерлор күн сайын катарыбызга кошулуп, социалдык дүкөндөрдү ачып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жана кийим-кече таратып жатышат. Булардын бардыгы биздин каныбызга сиңген касиет. Ар бири өз салымын кошууну каалайт», - дейт Бакдаулет Жандилдаев.  

Өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн тартып борбордогу ыктыярчылар  «Биз биргебиз» коомдук фондунан бөлүнгөн 2 миллион медициналык бет капты бекер таратып беришти. Башкача айтканда,  40 миң үй-бүлөгө бир жолку 50  нускалар таратылды. Коргоо каражаттары менен камсыздалды. Азык-түлүк баштыктары 7400гө жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жеткирилди. Эл көп жүргөн жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай жакшы иштер азыркыга чейин уланууда.

 

Фото: astana.gov.kz


×