Түркестандагы кол өнөрчүлүк мектеби бүтүрүүчүлөрүн чыгарды

Түркестандагы кол өнөрчүлүк мектеби бүтүрүүчүлөрүн чыгарды

Кол өнөрчүлүк – бул улуттук бренд. Ал байыркы мезгилден бери элдин маданий салттарын, философиялык, эстетикалык билимин жана уникалдуулугун чагылдырат. Аны жоготпой, изи менен жүрүп келе жаткан чеберлердин эмгеги баа жеткис. Түркестанда кол өнөрчүлөргө шакирт тарбиялоого мүмкүнчүлүк берген мектеп иштейт. 2014-жылы ачылган мектепте 8 класс жана бир даярдык тобу бар. Бул жерге жумасына 3 жолу 200дөн ашык бала сүрөт тартуу, жыгач, тери, булгаары иштетүү, зергерчилик, карапа, текстиль, гобелен, тигүү жана дизайн боюнча билимин өркүндөтүү үчүн келип чеберчиликтерин чыңдашат. Өспүрүмдөргө колунан көөрү төгүлгөн чеберлер сабак берет. Алар шакирттерине улуттук кол өнөрчүлүктүн сырын үйрөтүп, заман талабына жараша жакшыртылган уникалдуу техникаларды өздөштүрүүгө көмөктөшөт.

«Бул биздин улуттук каада-салттарыбызды жана кол өнөрчүлүктү үйрөтүүчү бирден-бир билим берүү борбору. Бул шаарга конокторду тартуу, ал адамдарга өзүбүздүн кол тамгабызды эстелик катары калтыруу, шаарыбызды дүйнөгө таанытуу. Биздин устаттар жана мугалимдер ушул багытта иштешет. Келечекте биз дагы кол өнөрчүлүккө жана өнөр очокторун түзүүгө салым кошобуз. Жаштарыбыз буга тирек болот деп ишенебиз», - дейт шаардык кол өнөрчүлүк мектеби мүдүрүнүн орун басары Курманбай Мырзакулов.

«Эне көргөн тон бычар» демекчи, Гүлбану Сабырга кийиз басып, килем токууну чоң энеси үйрөткөн. Кийинчерээк журкан жасоону өздөштүргөн. Энеси эпчилдигинен улам аны ушул мектепке берген. Үч жылдан кийин ал беш аспап чеберине айланган. Ал токуунун көптөгөн ыкмаларын өздөштүрүп, кийизден ар кандай буюмдарды жасайт.

«Келечекте улуттук баалуулуктарыбызды келечек муунга калтырып, токуу сабагынан берген мугалим болгум келет», - дейт кол өнөрчүлүк мектебинин окуучусу Гүлбану  Сабыр.

Кол өнөрчүлүк мектебине келген балдар алгач даярдык классына кирип, 2-3 жыл окушат. Клубга кабыл алуу 5-класстан кийин гана жүргүзүлөт. Ал окуусун аяктаары менен болгон өнөрүн колдонуп, искусство дүйнөсүн жаратуу тилеги бар. Дипломдук ишин коргоп, атайын сертификатка ээ болот. Айша Пернебаева быйыл мектепти бүтүрүп жатат.

«Бүгүн биз диплом алдык, мен 4 жыл окудум, абдан кубанып турам. Менин дипломдук ишим «Кестелі кербез» деп аталат. Заманбап мода дүйнөсүндө колдонулат. Аны тигүүгө менин 3 ай убактым кетти. Келечекте бул кесипти уланткым келет. Нур-Султанда окууну пландап жатам», - дейт  Айша Пернебаева.

Түркестандагы Балдар кол өнөрчүлүк мектеби республикада улуттук кол өнөрчүлүктү үйрөтүүчү жападан жалгыз борбор. Быйыл мектепти 18 окуучу аяктады. Алар 4 жыл 8 адистик боюнча окуп сертификатка ээ болушту. Жалпысынан 6 жылдын ичинде аталган борбордон миңге жакын шакирт тарбияланып чыккан. Азыр алардын көпчүлүгү өз адистиги боюнча өлкөнүн ЖОЖдорунда окуп жатышат.

 

Фото: inform.kz


×