Коом
Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгон казакстандыктын сөөгү мекенине жеткирилет

Москвадагы Казакстандын элчилигинде согуш учурунда курман болгон казак жоокеринин сөөгүн өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү.
Смоленск облусунун Темкин районунда жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Тризна" издөө бирикмесинин аскерлери Кызыл Армиянын жоокери, 1917-жылы туулган Караганды облусунун Шет районундагы Жестерек айылынын тургуну Медет Аманжоловдун сөөгүн табышкан.
Жоокердин туугандары табылды. Эми анын сөөгүн мекенине кайтаруу мерчемделүүдө, деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы.
Фото: sputniknews.kz