Нур-Султан менен Алматы шаарларында карантин күчүнө кирди

Нур-Султан менен Алматы шаарларында карантин күчүнө кирди. Коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаалды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссия ушундай чечим кабыл алган. Бүгүнтөн баштап эки шаарда блок-посттор коюлду. Алар тепловизор менен жабдыкталган. Коргоо министрлигинин аскерлери менен полиция кызматкерлери сутка бою иш алып барышат.
Темир жол жана авиа каттамдар токтотулду. Ири соода-борборлору менен базарлар жабылды. Турак-жайлардын алдылары жана коомдук транспорттор зыянсыздандырылууда.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал тартибине баш ийбеген жана Нур-Султан менен Алматы шаарларындагы карантин режиммн бузган жарандар кылмыштык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Фото: kaktakto.com