Коом
Касым-Жомарт Токаев учак апаатынан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты
Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кайгылуу окуядан каза тапкан жарандардын туугандарына көңүл айтты.
Президент жапа чеккендерге жардам көрсөтүлө турганын, кырсыктын себебин аныктоо үчүн премьер-министр Аскар Маминдин төрагалыгы менен атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн билдирди.
Буга катар күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык катуу жазалана турганын маалымдады.
Фото: Хабар 24