Коом
Түркияда казакстандык студенттердин биринчи курултайы өттү
Түркиянын Сакария шаарында казакстандык студенттердин биринчи курултайы өттү. Иш-чара «Руханий» жаңыруу программасы, «жаштар жылы» жана эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулду. Казакстандын Түркиядагы элчилиги менен казакстандык студенттер биримдиги уюштурган курултайга 250гө жакын жаштар катышты.
ЛАЗИЗА НУРПЕЙИС, ДОКТОРАНТУРА СТУДЕНТИ:
-Негизги максатыбыз чет элде окуп жаткан казак жаштарынын башын бириктирүү. Көз карандысыздык күнүбүздү белгилөө. Өзүбүздүн казак экенибизди унутпоо. Улуттук жана руханий байлыгыбызды жаңыртуу.
ЭКРЕМ ЮЖЕ, САКАРИЯ МЭРИ:
-Боордош өлкө - Казакстандын эгемендүүлүк күнүн Түркияда майрамдоо табигый көрүнүш. Анткени биздин өлкө тууган элди эгемен өлкө деп тааныган. Бул күн биз үчүн да маанилүү.
Фото: 24.kz