Альтернативалык энергия булактарын өнүктүрүү

Казакстандын кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөрү мол. Азыр өлкөдө жалпы кубаты 680 мВт болгон 74 жашыл энергия объекти бар. Анын ичинде жыл башынан бери 7 станция пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 10 объект ишке кошулат. Альтернативалык энергия булактарын пайдалануу боюнча Жамбыл облусу көч башында турат. Аймактын жашыл энергияны пайдаланып жүргөнүнө быйыл 8 жыл болду. Бул жерде азыр кубаттуулугу 168 мегаваттык 4 гидро, 3 күн жана 3 шамал станциясы иштейт. Ал эми жакында дагы эки ири объекттин курулушу башталды. Бири 2019-жылдын аяк оона айында, экинчиси 2020-жылы салынып бүтөт. 2023-жылга чейин Жамбыл облусунда жалпы наркы 500 миң теңгеден ашуун 25 кайра жанма энергия булактары толугу менен пайдаланууга берилет.
НУРЖАН ЕРЕЖЕПОВ, ОБЛУСТУК ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТКЧ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:
- Кайра жанма энергия булактарын пайдаланып, аны ишке ашырууга биздин климаттык жагдайыбыз абдан ыңгайлуу. Келечекте 2019-2023 жылга чейин 25 долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Башкача айтканда, ал жердин жалпы кубаты 1392 мегаватты түзөт.
2020-жылы Казакстанда кайра жанма энергия объекттеринин саны 95ке, 2021-жылы 119га чейин жеткирилет. Ушундай шарттарда, Казакстандын жалпы энергетикалык балансындагы кайра жанма кубатынын үлүшү 2050-жылга карай 50 пайыз деңгээлинде болот.
Фото: forbes.com