Коом
Казакстанда Жаштар жылынын алкагында 70 иш-чара өтөт

2019-жыл жаш казакстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы болот. Өлкөдө жаштар жылынын алкагында 70 иш-чара мерчемделген. Коомдук өнүгүү министрлиги 2019-жылдын Жол картасынын долбоорун даярдады. Ага мааракелик даталар менен бирге, коомдук маанилүү долбоорлор да киргизилди. Анын ичинде мамлекеттик программалар боюнча жаштарды колдоо күчөйт. Аны менен бирге 2019-жылы жаш ишкерлер жана окумуштууларга бөлүнө турган гранттардын саны көбөйөт.
АСХАТ ОРАЛОВ, КР КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАШТАР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ ИШТЕР КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:
- Жол картасы жаштардын бардык багыттарына колдоо көрсөтүүнү караштырат. Өзөктүү маселелердин бири сапаттуу, жеткиликтүү билим берүү, жаш үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылуу.