Жаштар жылында Павлодар облусунда 500 иш-чара өтөт

Гастролдор, концерттер, сынактар жана фестивалдар. Өлкө башчысы тарабынан жарыяланган “Жаштар жылынын” алкагында Павлодар облусундагы Next муун өкүлдөрү 500гө жакын иш-чараны өткөрүүнү көздөп жатышат. Бардык сунуштар жана идеялар шаардын Жаштар демилгелеринин борборунда талкууланып жатат. Бул ар тармакта эмгектип жаткан бейөкмөт, жаштар уюмдарынын башын бириктирген штаб-квартира.
ТӨЛЕГЕН АЙТБАЕВ, ОБЛУСТУК ЖАШТАР ДЕМИЛГЕЛЕРИН КОЛДОО БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:
- Павлодар облусунун жаштары республикада, жалпы аймакта эң жигердүү жаштар деп айтууга болот. Ал бүткүл облустун 32 пайызын түзөт. Ошондуктан, 2019-жыл ар түрдүү чоң иш-чараларга бай болот.
2019-жылы аймакта “Улуу талаага саякат” аттуу жаштар экспедициясын өткөрүп, «Руханий Кемп» жайкы жаштар лагерин ишке киргизүү мерчемделген. Ошондой эле, «Volonter.кз», «Izdeu-2019» форумдарды, спорттук, чыгармачылык долбоорлорду да өткөрүү көздөлүүдө.
«Жаштар жылында» Павлодардагы жаш вокалисттер жаңы гастролдорду пландап жатышат. Алар 2018-жылы Москвада өткөн «Рождественские звезды» аттуу эл аралык фестивалда баш байгеге ээ болушкан. Аталган сынакка 60 өлкөдөн 2,5 миң музыкант катышкан.
МӨЛДИР ОРАЗБАЙ, ВОКАЛДЫК АНСАМБЛДИН МҮЧӨСҮ:
- Биз жогорку деңгээлде өз өнөрүбүздү көрсөттүк. Дагы да бийиктиктерди багындыруу үчүн мыкты даярданып жатабыз.
ЕЛЕНА ВАЛЬКО, «СВЕТ ЗВЕЗДЫ” ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:
- Биз ар дайым алдыга умтулууга аракет кылабыз. Өзүбүздүн өнөрдү таанытуу үчүн даярдыктарды үзбөй, жаштарды шыктандыра турган сынактарга байма-бай катышып турабыз.
Эскерте кетсек, өткөн кылымдын 90-жылдары павлодардыктар өлкөдөгү жаштар саясаты тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо демилгесин көтөргөн. Ошондуктан жаштар “Жаштар жылында” маанилүү коомдук долбоорлорду баштоого бел бейлап жатышат.