Каспийдин укуктук макамы тууралуу конвенциянын эрежеси мыйзам менен бекитилет

Каспийдин укуктук макамы тууралуу конвенциянын эрежеси мыйзам менен бекитилет

Каспий деңизинин укуктук макамы жөнүндө конвенциянын эрежеси Казакстандын мыйзамдарына киргизилет. Бул түзөтүүлөрдү биринчи окууда Мажилистин депутаттары жактырды. Өлкөнүн Тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин айтымында, эки жыл мурун кол коюлган конвенция мыйзамдуу жөнгө салууну талап кылган ар бир маселе боюнча бекем жана принципиалдуу талаш-тартыштар менен кошо, 20 жылдан ашуун убакытка созулган узак жана татаал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуп саналат. Натыйжада Каспий боюндагы мамлекеттер аймактагы акваторияны бөлүштүрүүнүн ар кандай режимдери боюнча макулдашышты. Консенсус ички сууларга, аймактык сууларга, балык уулоочу аймактарга жана жалпы деңиз аймагына тиешелүү. Жаңы документте «Балык уулоо зонасы» жана «Балык уулоо аймагынын режими»  сыяктуу түшүнүктөрдү мыйзамдуу түрдө киргизүү, ошондой эле, аймактык суулардын туурасын 12ден 15 деңиз милине чейин көбөйтүү сунушталды. Балык кармоо аймагында суу биологиялык ресурстарына балык уулоого өзгөчө укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын компетенциясы да бекитилди.

МУХТАР ТЛЕУБЕРДИ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Колдонуудагы карама-каршылыктар, боштуктар менен чыр-чатактарды жоюу, ошондой эле, РК УКК Чек ара кызматынын күнүмдүк кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында Мыйзамдын учурдагы редакциясына толуктоолор киргизилип жатат. Мындан тышкары, Суу кодекси, Терроризмге каршы күрөш, Эл аралык келишимдер, Чет элдик чалгындоо мыйзамдарын, ошондой эле, жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, көбөйтүү жана пайдалануу жөнүндө Казакстан Республикасынын мыйзамын конвенция менен 2014-жылдын аяк оона айынын 29дагы Каспий деңизинин суу биологиялык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу тууралуу Макулдашуунун жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы аныкталды.

 

Фото: kavkaz-uzel.eu


×