Казакстандык окумуштуулар акылдуу эсептегич түзмөгүн ойлоп табышты

Назарбаев Университетинин окумуштуулары электр энергиясын эсептей турган акылдуу түзмөк ойлоп табышты. Бул - профессор Мехди Багери тарабынан демилгеленген бир топ окумуштуунун изилдөө жыйынтыгында энергия булагынын керектөөсүн эсептеген уникалдуу система. Долбоор авторунун айтымында, ойлоп табууну батирлерде жана турак жай комплекстеринде, ал тургай ири өндүрүш ишканалары менен жайларында колдонууга болот. Тутум онлайн режиминде пайдаланылган энергия тууралуу маалыматтарды чогултуп керектөөчүгө жеткирет. Заманбап тутумдун жардамы менен конкреттүү керектелген энергия булагынын көлөмүн аралыктан көзөмөлдөө менен катар, коммуналдык кызматтар үчүн эсептешүүлөөрдү жөнгө салууга жардам берет. Бул өз кезегинде каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, дешет илимпоздор.

Мехди Багери, Назарбаев университетинин инженерия жана санариптик окумуштуулар мектебинин профессору:

- Бул өлчөөчү шайман керектөөчүлөргө кеңеш бере алат. Мисалы, белгиленген суммадан ашып кетсеңиз билдирүү жөнөтөт. Ушундай жол менен сиз электр кубатын керектөөнү өзүңүзгө ылайык ирээттеп аласыз же болбосо биз тутумду белгилүү бир деңгээлде программалай алабыз.  Сиз күнүнө жеткиликтүү болгон чек көрсөткүчүн коё аласыз. Мисалы, 100, бирок 100 көп болуп кетет. Күн сайын наркы  20 доллардан ашпаган тарифти белгилөөгө болот. Эгерде сиз бул чектен ашып кетсеңиз, система дароо эскертүү жөнөтөт.

Профессор Багеринин лабораториясында кураштырылган акылдуу эсептегич түзмөгүнүн түп нускасы бардык сыноодон ийгиликтүү өттү. Бүгүнкү күндө система массалык өндүрүш жолуна коюлууга даяр. Долбоорду каржылоо үчүн инвесторлор гана керек. Окумуштуу турмушка жарамдуу демилгеге жеке компаниялар, венчурдук инвесторлор жана мамлекет каражат сала ала турганын айтат.

 

Фото: nu.edu.kz


×