Казакстанда келерки жылдан баштап коронавируска каршы вакцина чыгарыла баштайт

Казакстанда келерки жылдан баштап коронавируска каршы вакцина чыгарыла баштайт

Казакстандын Жамбыл облусунда ушул айда коронавирусту аныктоо боюнча экспресс-тест өндүрүшү ишке кошулат. Жеке инвестициялык долбоордун наркы эки миллиард теңгеден ашат. Борбордук байланыш кызматынын аянтчасында облус башчысы Бердибек Сапарбаев эпидемияга каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Мындан сырткары, аймак башчысы Кордай районунда вакцина чыгаруучу завод курулуп жаткандыгын билдирди. Курулуш иштери менен көчөттөрдү отургузууга 7 миллиард теңге багытталган. Жаңы өндүрүш жайы Биологиялык коопсуздукту илимий-изилдөө институтунун базасында курулат.

БЕРДИБЕК САПАРБАЕВ, ЖАМБЫЛ ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Ал жерде учурда бруцеллёз, дерматит жана куш тумоосуна каршы вакциналар чыгарылат. Азыр эми ал жерде жаңы завод курулуп жатат. Завод бери  дегенде 30 миллиондон 60 миллион доза коронавирус вакцинасын өндүрөт. Планга ылайык, завод ушул жылдын аягына чейин ишке берилет. Вакцина келерки жылдын жалган куран айында чыгарыла баштайт. Өкмөттүн жардамы жана колдоосу бар. Ал жакта жумушчуларды колдоо максатында турак жайлар курулуп жатат.

 

Фото: gmpnews.ru


×