Алматыда жүрөккө инновациялык операция жасалды

Бүгүн Алматыдагы Кардиология жана Ички оорулар илим-изилдөө институтунда жүрөккө инновациялык-хирургиялык операция жасалды. Жүрөгүнүн токтоп калуусу жогору болгон бейтапка тери астындагы кардиовертер-дефибриллятор жабдыгы орнотулду. Ал жүрөк оорусу бар адамдын жүрөк кан тамырларын жакшыртууга, жашоо мөөнөтүн узартууга жардам берет.  

Роин Реквава, кардиология жана ички оорулар гзи аритмологу:

- Тери астындагы кардиовертер-дефибрилляторду имплантациялоо атайын иштелип чыккан ыкма боюнча жүргүзүлөт. Бул шайман жүрөктүн нормалдуу иштешин көзөмөлдөп, организмдин кыйналуусун азайтуу үчүн орнотулат. Болгону  адам өзүнүн саламаттыгына кам көрүп, дарыгердин кеңешин эстен чыгарбашы керек. Мындай операцияга туш болгон бейтап толугу менен дарыланган соң, эки-жети жумадан кийин ооруканадан чыгарылат.

Мындай инновациялык операция үч бейтапка жасалды. Жүрөктүн иштешин көзөмөлдөөчү жана изилдөөчү атайын шайман - программатор сыноодон ийгиликтүү өттү. Анын жардамы менен жаш адистер жаңыча дарылоону үйрөнө алышат.

Клиникалык-тажрыйбага тери астындагы кардиовертер-дефибрилляторду киргизүү операциядан кийинки кыйынчылыктардын санын азайтууга жана бейтаптын  жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Операция атайын квота аркылуу мамлекеттин эсебинен жасалат.

 

Фото: internist.ru


×