Казакстандын үч аймагында бир суткада COVID-19 жуктургандардын саны жүздөн ашты

Казакстандын үч аймагында бир суткада COVID-19 жуктургандардын саны жүздөн ашты

Казакстандын үч облусунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны жүздөн ашты. Кооптуу илдетти эң көп жуктурган аймактардын саны боюнча Чыгыш Казакстан облусу биринчи орунда, бул жерде 160 жаңы учур катталды. Белгилей кетсек, аймакта карантин дагы эки жумага созулат. Көрүлгөн чараларга карабастан, чыгыш региону дале болсо «кызыл зонада» кала берүүдө. Аны менен катар, жуктуруунун 112 учуру катталган Түндүк Казакстан менен Павлодар облустарында дагы абал канааттандырарлык эмес. Өткөн суткада өлкөдө 720 жаңы учур ПЧР-тестинин натыйжасында аныкталды.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери 172 миң 580 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Чыгыш  Казакстан облусу - 15 577 (+160),

Түндүк Казакстан - 5 836 (+112),

Павлодар облусу  - 5 800 (+112),

Акмола - 4 761 (+69),

Костанай - 4 912 (+66),

Нур-Султан - 15 685 (+50),

Батыш Казакстан - 7 834 (+29),

Алматы облусу  - 5 575 (+22),

Караганды - 10990 (+18),

Жамбыл - 4 352 (+14),

Атырау - 11 557 (+8),

Актөбе - 3 462 (+6),

Түркестан - 3 466 (+5),

Шымкент - 5 334 (+3),

Маңгыстау  - 3 428 (+2),

Кызылорда  - 3 286 (+1).

Азыркы учурда 11 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясынан дарыланып жатат, анын 670 балдар. 203 казакстандыктык оор абалда болсо, алардын 28 абалы өтө оор деп саналууда. 30 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткандар 11 232 адам:

Амбулатордо  – 8 032 адам

Стационарда  – 3 200 адам

Жаш балдар -  672

Оор абалда жаткандар - 203

Өтө оор абалда - 28

Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган - 30 .

 

Фото: rospatent.gov.ru


×