Казакстанда коронавирустан 112 миң 806 адам айыкты

Казакстанда коронавирустан 112 миң 806 адам айыкты

Өткөн суткада дагы 514 адам коронавирустан сакайып чыкканы белгилүү болду. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 112 миң 806 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 716 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 126 миң 182 адамды түздү.

Региондордогу эпидемиологиялык абал:

Нур-Султан шаары - 15610 (+40)

Алматы шаары - 15636 (+42)

Шымкент шаары - 5330 (+2)

Акмола облусу - 4624 (+61)

Актөбе - 3448 (+8)

Алматы облусу - 5533 (+12)

Атырау - 11538 (+15)

Чыгыш Казакстан облусу - 15263 (+188)

Жамбыл - 4324 (+10)

Батыш Казакстан облусу - 7772 (+42)

Караганды - 10957 (+20)

Костанай - 4776 (+77)

Кызылорда - 3285 (+1)

Маңгыстау - 3426 (+2)

Павлодар - 5580 (+98)

Түндүк Казакстан облусу - 5619 (+96)

Түркестан облусу - 3461 (+2).

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 44 учуру катталды. Мындан тышкары, 24 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 41 203, каза тапкандар 427, сакайып чыккандардын саны 30 086 жетти.

 

Фото: uzalo48.lipetsk.ru


×