105 миңден ашык казакстандык коронавирус илдетинен айыкты

Өткөн суткада дагы 29 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 105 миң 030 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 102 адамдан аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 109 508 түздү.
Региондордогу эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 14296 (+17)
Алматы шаары - 14527 (+10)
Шымкент шаары - 5213 (+2)
Акмола облусу - 3567 (+5)
Актөбе - 3269 (+1)
Алматы облусу - 5024 (+4)
Атырау - 11199 (+8)
Чыгыш Казакстан облусу - 9012 (+15)
Жамбыл облусу - 4153
Батыш Казакстан облусу - 6919 (+6)
Караганды - 10400 (+9)
Костанай - 3547 (+4)
Кызылорда - 3248
Магыстау - 3372 (+1)
Павлодар облусу - 4062 (+11)
Түндүк Казакстан облусу - 4301 (+9)
Түркестан облусу – 3399
Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 51 жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 16 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 35 миң 965, каза болгондор 382, ал эми сакайып чыккандардын саны 28 миң 223 жетти.
Фото: liter.kz