Ден соолук
Түркия менен Египеттен келген туристтерден коронавирус аныкталды

Түркиядан жана Египеттен кайтып келген төрт казакстандыктан COVID-19 илдети аныкталды. Вирус карантиндик стационарда аныкталганын транспорттогу башкы санитардык дарыгер Садвакас Байгабулов билдирди. Анын айтымында, бейтаптар коронавирус инфекциясы боюнча ПЧР аныктамасы жок келишкен.
Белгилей кетсек, тогуздун айынын 14 түнү Казакстанга 9 эл аралык каттам келип конгон. Учакта 1052 жүргүнчү болгон. Анын ичинен 190 жүргүнчү аныктамасы жок келген.
Фото: mulherdigital.com