Казакстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар 108 миң 296 адамга жетти

Акыркы суткада дагы 90 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 103 миң 367 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 60 адамдан аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 108 296 түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 14134 (+2)
Алматы шаары - 14403 (+5)
Шымкент шаары - 5191
Акмола облусу - 3504 (+4)
Актөбе - 3252
Алматы облусу - 4983 (+2)
Атырау - 11106 (+4)
Чыгыш Казакстан - 8835 (+16)
Жамбыл - 4130 (+1)
Батыш Казакстан - 6870 (+1)
Караганды - 10314 (+6)
Костанай - 3500 (+2)
Кызылорда - 3244
Маңгыстау - 3343 (+2)
Павлодар облусу - 3955 (+5)
Түндүк Казакстан - 4152 (+9)
Түркестан облусу - 3380 (+1).
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 7 жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 10 адам айыгып чыкты.
Баш оона айынын биринен бери бейтаптардын саны 33615, каза болгондор - 361, ал эми айыгып чыккандардын саны 27517 жетти.
Фото: almaty.tv