Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 103 миңден ашты

Өткөн суткада өлкө аймагында 91 адам COVID-19 илдетинен айыгып чыкты. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 101 028 адамга жетти.
Мындан тышкары, 65 казакстандыкка COVID-19 диагнозу коюлду. Бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 108 044 адамды түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 14109 (+2)
Алматы шаары - 14394 (+4)
Шымкент шаары - 5189
Акмола облусу - 3489 (+2)
Актөбе - 3251 (+2)
Алматы облусу - 4974 (+5)
Атырау - 11096 (+3)
Чыгыш Казакстан - 8769 (+18)
Жамбыл - 4127 (+2)
Батыш Казакстан - 6865 (+2)
Караганды - 10280 (+6)
Костанай - 3492 (+2)
Кызылорда - 3243 (+1)
Маңгыстау - 3340
Павлодар облусу - 3936 (+6)
Түндүк Казакстан - 4112 (+10)
Түркестан облусу - 3378.
Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 234 жана 2 өлүм учуру катталды. Ошондой эле 95 адам айыгып чыкты.
Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 33212, каза болгондор 357, ал эми айыгып чыккандардын саны 27337 жетти.
Фото: inform.kz