Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 103 миңге жакындады

Өткөн суткада дагы 63 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 102 937 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 71 адамдан аныкталды. Өлкөдөгү бейтаптардын саны 107 979 адамды түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 14107 (+10)
Алматы шаары - 14390 (+4)
Шымкент шаары - 5189
Акмола облусу - 3487
Актөбе - 3249 (+3)
Алматы облусу - 4969 (+3)
Атырау - 11093 (+7)
Чыгыш Казакстан - 8751 (+16)
Жамбыл - 4125
Батыш Казакстан - 6863 (+3)
Караганды - 10274 (+6)
Костанай - 3490 (+2)
Кызылорда - 3242
Маңгыстау - 3340
Павлодар - 3930 (+7)
Түндүк Казакстан - 4102 (+6)
Түркестан облусу - 3378 (+4).
Фото: baigenews.kz