102 миң 874 казакстандык коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 69 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы кабарланды. Муну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 102 874 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 75 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 107 908 түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 14097 (+16)
Алматы шаары - 14386 (+5)
Шымкент шаары - 5189
Акмола облусу - 3487 (+1)
Актөбе - 3246 (+2)
Алматы облусу - 4966 (+3)
Атырау - 11086 (+5)
Чыгыш Казакстан - 8735 (+22)
Жамбыл - 4125
Батыш Казакстан - 6860 (+3)
Караганды - 10268 (+5)
Костанай - 3488 (+2)
Кызылорда - 3242
Маңгыстау - 3340
Павлодар - 3923 (+6)
Түндүк Казакстан - 4096 (+5)
Түркестан облусу - 3374.
Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 299 жана 2 өлүм учуру катталды. 96 адам айыгып чыкты.
Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 32799, каза болгондор 353, ал эми айыгып чыккандардын саны 27169 болду.
Фото: nikvesti.com