COVID-19: Казакстанда ооругандар жана айыккандар тууралуу жаңы маалымат

Өткөн сутка ичинде дагы 69 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 102 миң 805 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 вирусу 58 адамдан аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 107 миң 833 түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 14081 (+6)
Алматы шаары - 14381 (+5)
Шымкент шаары - 5189 (+1)
Акмола облусу - 3486 (+2)
Актөбе - 3244
Алматы облусу - 4963 (+2)
Атырау - 11081 (+1)
Чыгыш Казакстан - 8713 (+21)
Жамбыл - 4125
Батыш Казакстан облусу - 6857 (+2)
Караганды - 10263 (+4)
Костанай - 3486 (+3)
Кызылорда - 3242
Маңгыстау - 3340
Павлодар - 3917 (+6)
Түндүк Казакстан облусу - 4091 (+5)
Түркестан облусу - 3374.
Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери менен пневмониянын 10 жана 1 өлүм учуру катталды. Ошондой эле 16 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 32500, ал эми каза болгондор 351. Айыгып чыккандардын саны 27 миң 73 адамга жетти.
Фото: psamara.aif.ru