Казакстанда акыркы суткада 155 адам коронавирустан айыкты

Өткөн суткада өлкөдө 155 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Муну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 101 миң 610 адамды түздү.
Мындан тышкары, 78 казакстандыкка COVID-19 диагнозу коюлду. Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 107 миң 134 адамга жетти.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 13987 (+25)
Алматы шаары - 14336 (+7)
Шымкент шаары - 5183
Акмола облусу - 3454 (+2)
Актөбе - 3234 (+2)
Алматы облусу - 4946
Атырау - 11033 (+3)
Чыгыш Казакстан - 8483 (+20)
Жамбыл - 4112 (+2)
Батыш Казакстан облусу - 6833 (+3)
Караганды - 10214 (+5)
Костанай - 3458 (+3)
Кызылорда - 3236
Маңгыстау - 3337
Павлодар - 3886 (+2)
Түндүк Казакстан облусу - 4039 (+4)
Түркестан облусу - 3363.
Ошондой эле, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 242 учуру катталды. Мындан тышкары, 2 адам каза тапты.
Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 30579, каза болгондор 337, айыккандардын саны 26533 түздү.
Фото: elorda.info