Казакстан: 100 миң 836 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда өткөн суткада дагы 209 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Ошентип кооптуу илдетти жеңип чыккандардын саны 100 миң 836 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 65 адамдан аныкталды. Эң көп жуктуруу учуру Чыгыш Казакстан облусунда катталды - мында 20 адам. Андан кийин Атырау облусу (+9) жана Батыш Казакстан облусу (+7) турат. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 106 миң 920 адамды түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 13946 (+3)
Алматы шаары - 14324 (+2)
Шымкент шаары - 5183
Акмола облусу - 3447 (+3)
Актөбе - 3231 (+1)
Алматы облусу - 4940 (+3)
Атырау - 11015 (+9)
Чыгыш Казакстан - 8425 (+20)
Жамбыл - 4107
Батыш Казакстан облусу - 6822 (+7)
Караганды - 10198 (+5)
Костанай - 3451 (+2)
Кызылорда - 3233
Маңгыстау - 3337
Павлодар облусу - 3878 (+1)
Түндүк Казакстан облусу - 4024 (+6)
Түркестан облусу - 3359 (+3).
Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 8 учуру катталып, 3 адам каза болду.
Баш оона айынын биринен баштап жалпы бейтаптардын саны - 29666, каза болгондор - 331, ал эми айыгып чыккандардын саны 26335 кишиге жетти.
Фото: pkzsk.info