100 миң 627 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда өткөн сутка ичинде дагы 12 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 100 миң 627 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 52 адамдан аныкталды. Эң көп учур Чыгыш Казакстан жана Атырау облустарында катталды - бул жерлерде 11 адам. Андан кийин Батыш Казакстан облусу (+6) жана Караганды менен Түндүк Казакстан облустары (+5). Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 106 миң 855.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 13943 (+1)
Алматы шаары - 14322
Шымкент шаары - 5183
Акмола облусу - 3444 (+3)
Актөбе - 3230 (+2)
Алматы облусу - 4937 (+4)
Атырау - 11006 (+11)
Чыгыш Казакстан облусу - 8405 (+11)
Жамбыл - 4107
Батыш Казакстан облусу - 6815 (+6)
Караганды - 10193 (+5)
Костанай - 3449 (+3)
Кызылорда - 3233
Маңгыстау - 3337
Павлодар облусу - 3877 (+1)
Түндүк Казакстан облусу - 4018 (+5)
Түркестан облусу - 3356.
Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 77 учур катталып, 7 адам каза болду. Ал эми 30 адам толугу менен айыгып чыкты.
Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 29658, каза тапкандар 328 болсо, айыгып чыккандардын саны 6853 адамга жетти.
Фото: pricom.kz