Казакстанда 99 миң 893 адам илдеттен айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 239 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 99 миң 893 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 оорусу 64 адамдан аныкталды. Инфекция жуктуруулардын эң көп саны Чыгыш Казакстан облусунда - мында 17 адам катталган. Андан кийин Алматы (+8) жана Батыш Казакстан облусу (+7) турат. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 106 миң 425 түздү.
Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 13892 (+2)
Алматы шаары - 14284 (+8)
Шымкент шаары - 5181
Акмола облусу - 3424 (+3)
Актөбе - 3223
Алматы облусу - 4909 (+1)
Атырау - 10961 (+3)
Чыгыш Казакстан облусу - 8311 (+17)
Жамбыл - 4101 (+4)
Батыш Казакстан облусу - 6792 (+7)
Караганды - 10153 (+6)
Костанай - 3436 (+2)
Кызылорда - 3231
Маңгыстау - 3334
Павлодар облусу - 3860 (+2)
Түндүк Казакстан облусу - 3990 (+5)
Түркестан облусу - 3343 (+4).
Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери менен пневмониянын 16 жана 1 өлүм учуру катталды. Ал эми 217 адам айыгып чыкты.
Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 27 миң 778, каза болгондор 315, ал эми айыккандардын саны 6176 болду.
Фото: inform.kz