Казакстанда өткөн суткада 1179 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 73 миң 702 кишиге жетти. Өткөн суткада 1 миң 179 адам инфекциядан айыгып чыкты. Бул тууралуу РК Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча, 24 саат ичинде 722 кишиден COVID-19 аныкталды. Анын ичинде, клиникалык белгилери жок 374 бейтап тастыкталды. Ошентип өлкөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны 100 миң 164 кишиге жетти.
Аймактар боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан ш. - 13205 (+156)
Алматы ш. - 13553 (+120)
Шымкент ш. - 5114 (+7)
Акмола облусу - 3069 (+23)
Актөбе облусу - 3108 (+5)
Алматы облусу - 4721 (+17)
Атырау облусу - 10617 (+11)
Чыгыш Казакстан облусу - 7365 (+90)
Жамбыл облусу - 3909 (+20)
Батыш Казакстан облусу - 6366 (+51)
Караганды облусу - 9509 (+87)
Костанай облусу - 3112 (+30)
Кызылорда облусу - 3186 (+6)
Маңгыстау облусу - 3171 (+19)
Павлодар облусу - 3554 (+23)
Түндүк Казакстан облусу - 3573 (+34)
Түркестан облусу - 3032 (+23).
Баш оонанын 3-9-күндөрү Казакстанда коронавирус инфекциясынан 211 адам көз жумду. Каза тапкандардын жалпы саны – 1269.
Ошону менен бирге, РК Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясы бар пневмония боюнча маалыматтарды жарыялады. Өткөн суткада пневмония 57 адамдан аныкталса, андан 9 өлүм учуру катталды.
Ай башынан бери ооругандар – 13 миң 337 адамды түзсө, 173 киши көз жумду.
Фото: inform.kz