Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 77 миңге жакындады

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1646 коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын 778де белгилер жок. COVID-19 таралышын алдын алуу жөнүндө ВАК маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус инфекциясынын жалпы саны 76 миң 799 адамга жетти.
Аймактардагы абал төмөнкүдөй:
Алматыда - 9851 (+216),
Атырау облусунда - 9530 (+138),
Нур-Султан шаарында -9068 (+236),
Караганды облусунда - 7541 (+140),
Батыш Казакстан облусунда - 5031 (+99),
Чыгыш Казакстан облусунда - 4698 (+210),
Шымкент шаарында - 4554 (+36),
Алматы облусунда - 3802 (+69),
Жамбылда - 3047 (+48),
Актөбеде - 2842 (+39),
Павлодар облусунда - 2583 (+68),
Кызылордада -2541 (+77)
Түркестан облусунда - 2532 (+19),
Түндүк Казакстан облусунда - 2451 (+99),
Маңгыстау облусунда - 2444 (+47),
Акмола облусунда - 2161 (+53),
Костанай облусунда- 2123 (+52).
Өткөн суткада 1430 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Ошентип, COVID-19 илдетинен айыгып чыккандардын саны 48 миң 220 адамга жетти.
Фото: zakon.kz