Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 42 миңден ашты

Казакстанда өткөн суткада 1509 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Атырау облусу (+287) менен Алматы шаарында (+195) катталган деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 42 574кө жетти.
Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан - 5523 (+81)
Алматы - 5696 (+195)
Шымкент - 3194 (+43)
Акмола облусу - 1298 (+52)
Актөбе - 1574 (+63)
Алматы облусу - 2207 (+111)
Атырау - 4420 (+287)
Чыгыш Казакстан облусу - 1628 (+111)
Жамбыл - 1468 (+45)
Батыш Казакстан - 2885 (+112)
Караганды - 4936 (+97)
Костанай - 945 (+11)
Кызылорда - 1317 (+105)
Маңгыстау - 1217 (+83)
Павлодар - 1198 (+59)
Түндүк Казакстан облусу - 1323 (+28)
Түркестан - 1745 (+26).
Кооптуу инфекциядан сакайып чыккандардын саны 13 845ке жетти.
Фото: konar.ru