Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 41 миңден ашты

Казакстанда мындан ары коронавирус жуктургандар менен симптомсуз бейтаптар деп бөлүнбөйт. Өткөн суткада 1604 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Батыш Казакстан облусунда (+149), Алматы калаасында (+113) жана Нур-Сутан шаарында (+110) катталган деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 41 055ке жетти.
Өлкө аймактарындагы абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 5442 (+110)
Алматы - 5501 (+113)
Шымкент - 3151 (+69)
Акмола облусу - 1246 (+92)
Актөбе - 1511 (+37)
Алматы облусу - 2096 (+98)
Атырау - 4133 (+229)
Чыгыш Казакстан облусу - 1517 (+98)
Жамбыл - 1423 (+48)
Батыш Казакстан - 2773 (+149)
Караганды - 4829 (+191)
Костанай - 934 (+32)
Кызылорда - 1212 (+45)
Маңгыстау - 1134 (+71)
Павлодар - 1139 (+89)
Түндүк Казакстан облусу - 1295 (+81)
Түркестан - 1719 (+52).
550 бейтап коронавирустан айыкты, натыйжада кооптуу инфекциядан аман-эсен сакайып чыккандардын катары 13 558ге жетти.
Фото: coronavirus2020.kz