Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 19 миңден ашты

Казакстанда өткөн суткада 520 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 2,8% түзгөнүн республиканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Эң көп жуктуруу учуру өлкө борборунда – 62 жана Алматы шаарында - 60 бейтап катталды. Жалпы өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 19 285 адам.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан - 3546 (+62)
Алматы - 3530 (+60)
Шымкент - 1446 (+42)
Акмола облусу - 391 (+23)
Актөбе - 693 (+22)
Алматы облусу - 630 (+10)
Атырау - 1560 (+20)
Чыгыш Казакстан облусу - 555 (+48)
Жамбыл - 637 (+11)
Батыш Казакстан - 1267 (+46)
Караганды - 2034 (+41)
Костанай - 395 (+26)
Кызылорда - 596 (+12)
Маңгыстау - 456 (+7)
Павлодар - 568 (+33)
Түндүк Казакстан - 287 (+16)
Түркестан - 694 (+41).
Өлкөдө статистикага кошулбаган коронавирус белгилери жок 956 вирус алып жүрүүчү катталды. Ошентип, алардын жалпы саны 12 677 адамга жетти.
Айыгып чыккандардын саны 11 882, 136 адам илдеттин курмандыгы болду.
Фото: rus.azattyq-ruhy.kz