Казакстандагы COVID-19 бейтаптарынын саны 15542ге жетти

Өлкөдө өткөн суткада 350 адамдан коронавирус аныкталды. Өсүш 2,3% түзгөнүн РКнын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Оору жуктургандардын көбү Нур-Султан (+87) шаарынын, Караганды (+52) жана Павлодар (+41) облустарынын тургундары болуп саналат. Жалпысынан республикада коронавирус инфекциясына чалдыгуу боюнча аныкталган учурлардын саны 15542ге жетти. Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан шаары - 2951 (+87)
Алматы - 3182 (+35)
Шымкент - 1167 (+9)
Акмола облусу - 227 (+22)
Актөбе - 546 (+8)
Алматы облусу - 534 (+7)
Атырау облусу - 1341 (+17)
Чыгыш Казакстан - 277 (+12)
Жамбыл - 509 (+9)
Батыш Казакстан - 1012 (+21)
Караганды - 1624 (+52)
Костанай - 241 (+8)
Кызылорда - 514 (+7)
Маңгыстау - 401 (+4)
Павлодар облусу - 424 (+41)
Түндүк Казакстан - 125 (+8)
Түркестан- 467 (+3).
Аны менен катар, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус белгилери жок 683 бейтап аныкталып, симптомсуз вирус алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны 6175 адамды түздү. Оорунун белгилери жок бейтаптардын басымдуу бөлүгү Түркестан (+116), Караганды (+97) жана Атырау (+92) облустарында аныкталган.
Инфекция өлкөдө катталгандан бери ата мекендик дарыгерлер 9647 адамды айыктырып чыгарды. Тилекке каршы, 88 адам коронавирус илдетинен каза тапты.
Фото: kstnews.kz