Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 15 миңден ашты

Акыркы 24 саат ичинде инфекция жуктурган 383 адам аныкталды. Өсүш 2,6% түздү. Илдет жуктуруу учурларынын көбү Нур-Султанда (+104), Караганды облусунда (+50) жана Алматы шаарында (+34) катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министирлиги маалымдады. Республика боюнча COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны – 15 192ге жетти.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Алматы - 3147 (+34)
Нур-Султан - 2864 (+104)
Караганды - 1572 (+50)
Атырау облусу - 1324 (+14)
Шымкент - 1158 (+25)
Батыш Казакстан - 991 (+24)
Актөбе - 538 (+10)
Алматы облусу - 527 (+12)
Кызылорда - 507 (+7)
Жамбыл - 500 (+9)
Түркестан - 464 (+10)
Маңгыстау - 397 (+18)
Павлодар - 383 (+34)
Чыгыш Казакстан - 265 (+3)
Костанай - 233 (+13)
Акмола облусу - 205 (+10)
Түндүк Казакстан - 117 (+6).
Сакайып чыккандар – 9388.
Казакстанда өткөн суткада 4 адам коронавирустан көз жумду. Каза тапкандардын экөө Алматы шаарынан, бирөө Павлодар жана дагы бири Актөбе облусунан болгону аныкталды. Ошентип, өлкөдө COVID-19 инфекциясынан каза тапкандардын саны 81ге жетти.
Кулжа айынын 15деги абал боюнча жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок вирусту алып жүрүүчү 600 адам катталды. Алардын жалпы саны – 5492 адамды түздү.
Фото: kaztag.kz