Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 13 500дөн ашты

Кулжа айынын онуна карата жалпы статистикага кошулбаган COVID-19 клиникалык белгилери жок 393 учур катталды. Ошентип, алардын жалпы саны 2529 адамга жетти.
Мындан тышкары, акыркы 24 саат ичинде инфекция 239 адамдан аныкталды. Өсүш 1,8% түздү. Инфекциянын көпчүлүк учурлары Караганды облусунда (+52), Нур-Султанда (+27) жана Шымкентте (+30) катталган. Ошол эле учурда, өлкөнүн түндүк бөлүгүндө бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруу учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Өлкөдө COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 13 558 адамга жетти.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Алматы - 2957 (+18)
Нур-Султан - 2570 (+27)
Караганды - 1290 (+52)
Атырау - 1232 (+5)
Шымкент шаары - 1022 (+30)
Батыш Казакстан облусу - 878 (+15)
Кызылорда - 484 (+14)
Алматы облусу - 470 (+13)
Жамбыл - 462 (+5)
Актөбе - 444 (+17)
Түркестан - 416 (+5)
Маңгыстау - 357 (+14)
Павлодар - 296 (+10)
Чыгыш Казакстан облусу - 215 (+11)
Костанай - 209 (+1)
Акмола облусу - 184 (+2)
Түндүк Казакстан облусу - 72.
Казакстанда коронавирус жуктурган 8 345 адам оорудан айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкөдө өткөн суткада 6 адам илдеттен көз жумду. Маркумдардын төртөө Нур-Султан шаарынан, бирөө Батыш Казакстан облусу менен Караганды облусунан. Ошентип, республикада COVID-19 инфекциясынан каза тапкандардын саны 67ге жетти.
Фото: express-k.kz