Казакстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 13 319 адамды түздү

Акыркы бир сутка ичинде Казакстанда 3 адам коронавирустан көз жумду. Эки маркум Түркестан облусунан жана бирөө Павлодар облусунан болгон. Ошентип, өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун саны 61 кишиге жетти.
Мындан тышкары, акыркы 24 саатта илдетке 245 адам чалдыккан. Өсүш 1,9% түздү. Инфекция жуктуруу учурларынын көбү Нур-Султанда (+50), Караганды облусунда (+35) жана Актөбө облусунда (+26) катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жалпысынан өлкөдө COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 13 319 адамды түздү.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Алматы - 2939 (+35)
Нур-Султан - 2543 (+23)
Караганды - 1238 (+50)
Атырау облусу - 1227 (+5)
Шымкент шаары - 992 (+14)
Батыш Казакстан - 863 (+18)
Кызылорда - 470 (+5)
Жамбыл - 457 (+16)
Алматы облусу - 457 (+11)
Актөбе - 427 (+26)
Түркестан - 411 (+8)
Маңгыстау - 343 (+12)
Павлодар - 286 (+2)
Костанай - 208 (+3)
Чыгыш Казакстан облусу - 204 (+5)
Акмола облусу - 182 (+5)
Түндүк Казакстан - 72 (+7).
Айыгып чыккандар - 8015.
Кулжа айынын 9дагы абал боюнча жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 440 ооруну алып жүрүүчү катталды. Алардын жалпы саны – 2136 адам.
Фото: m24.ru