Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 12 миңден ашты

Өлкөдө өткөн сутка ичинде 271 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 2,3% түздү. Жалпысынан республика боюнча инфекцияга чалдыккандардын саны - 12067.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 2344 (+55)
Алматы - 2741 (+26)
Шымкент шаары - 909 (+3)
Акмола облусу - 167 (+1)
Актөбе - 367 (+4)
Алматы облусу - 402 (+21)
Атырау облусу - 1175 (+35)
Чыгыш Казакстан облусу - 159 (+11)
Жамбыл - 405 (+7)
Батыш Казакстан - 754 (+22)
Караганды - 1024 (+68)
Костанай - 191 (+7)
Кызылорда - 449 (+1)
Маңгыстау - 308
Павлодар - 224 (+7)
Түндүк Казакстан - 64 (+3)
Түркестан - 384.
Анын ичинен 6240 адам оорудан толугу менен айыгып чыкты. Бир сутка ичинде 4 бейтап илдеттен көз жумду. Ошентип, коронавирустан каза тапкандардын саны 48ге жетти.
Фото: kp.kz