Казакстанда вирус жуктургандардын саны – 11796 түздү

Казакстанда өткөн суткада 225 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өсүш 1,9% түздү. Жалпы өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын саны ушуну менен 11796га жетти.
Аймактар боюнча эпидемияологиялык абал кийинкидей:
Нур-Султан шаары - 2289 (+23)
Алматы - 2715 (+39)
Шымкент - 906 (+21)
Акмола облусу - 166
Актөбе - 363 (+14)
Алматы облусу - 381 (+5)
Атырау облусу - 1140 (+21)
Чыгыш Казакстан облусу - 148 (+6)
Жамбыл - 398 (+5)
Батыш Казакстан - 732 (+40)
Караганды - 956
Костанай - 184 (+2)
Кызылорда - 448 (+30)
Маңгыстау- 308 (+17)
Павлодар облусу - 217
Түндүк Казакстан - 61 (+2)
Түркестан облусу - 384.
Инфекциядан айыгып чыккандардын катары көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө 5941 адам оорудан толугу менен сакайып чыкты. Бирок илдет 44 адамдын өмүрүн жалмады.
Фото: rus.azattyq-ruhy.kz