Касым-Жомарт Токаев: Коронавирус менен күрөшүү аяктай элек

Касым-Жомарт Токаев: Коронавирус менен күрөшүү аяктай элек

Өлкө пандемиянын таралуу чегинен өткөнү менен илдетке каршы күрөш аяктай элек. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коомдук ишеним кеңешинин 3-отурумунда билдирди.

«Биз бүгүн өзгөчө кырдаалда жолугушуп жатабыз. Коронавирустук эпидемия биздин иш тартибибизге олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Учурда биздин өлкө пандемиянын жогорку чегинен өттү. Бирок эпидемияга каршы күрөш бүтө элек. Бул илдет өтө кооптуу. Коронавирус азыркы дүйнөнүн баалуулуктарын кыйла өзгөрттү», - деди Мамлекет башчысы.

РКнын Президенти жыйында саламаттык сактоо системасынын, өзүн өзү камсыз кылуунун, кызматташуу жана жоопкерчиликтин мааниси артканын белгиледи.

«Ага ылайык, мамлекеттик кызматта  жана коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүндө кескин өзгөрүүлөр болот. Пандемия биздин өлкө үчүн да чоң сыноо болуп жатат. Казакстан эли эч качан кыйынчылыкка алдырган эмес. Бул жолу дагы биз бирдиктүү экенибизди көрсөттүк. Биз ырыс менен ынтымактын аркасында бардык кыйынчылыктарды кадыр-барк менен жеңебиз деп ишенем», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Белгилей кетсек, Улуттук коомдук ишеним кеңешинин үчүнчү отуруму президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтүп жатат. Бул отурум адам капиталын өнүктүрүүгө, атап айтканда билим берүү жана саламаттык сактоо маселелерине арналган.

 

Фото: inform.kz


×