Ден соолук
Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 9 миңден ашты

Өлкөдө өткөн сутка ичинде 335 адамдан коронавирус аныкталды. Өсүш 3,7% түзгөнүн РКнын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жалпы республика боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 9304 адам.
Өлкөнүн аймактарындагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Алматы - 2353 (+77)
Нур-Султан - 1764 (+78)
Атырау облусу - 944 (+21)
Караганды - 705 (+43)
Шымкент - 713 (+38)
Батыш Казакстан - 472 (+20)
Жамбыл - 358 (+15)
Түркестан - 337 (+5)
Алматы облусу - 305 (+5)
Кызылорда - 304 (+7)
Актөбе - 282 (+4)
Павлодар - 191 (+4)
Маңгыстау - 176 (+4)
Акмола облусу - 147
Костанай - 131 (+4)
Чыгыш Казакстан - 73 (+7)
Түндүк Казакстан облусу - 49 (+3)
Ушул убакытка чейин Казакстанда 4613 адам инфекциядан толугу менен сакайып чыкса, 37 адам каза тапты.
Фото: lada.kz