Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 9 миңге жакындады

Өлкөдө өткөн сутка ичинде 438 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 5,1% түзгөнүн РКнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Жалпы республика боюнча ооруга чалдыккандардын саны - 8969 адам.
Өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 1686 (+56)
Алматы - 2276 (+75)
Шымкент шаары - 675 (+69)
Акмола облусу - 147 (+1)
Актөбе - 278 (+2)
Алматы облусу - 300 (+12)
Атырау - 923 (+32)
Чыгыш Казакстан - 66
Жамбыл - 343 (+51)
Батыш Казакстан - 452 (+38)
Караганды - 662 (+67)
Костанай - 127 (+5)
Кызылорда - 297 (+8)
Маңгыстау - 172 (+5)
Павлодар облусу - 187
Түндүк Казакстан облусу - 46
Түркестан - 332 (+17).
Ушул убакытка чейин Казакстанда 4515 жаран инфекциядан толугу менен сакайып чыкса, 35 адам кооптуу вирустун курмандыгы болду.
Фото: lada.kz